Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бирөөнүн милдетин алуучу, убадасын бузган, танган киши үчүн жооп берүүчү. Култайдын колунан келбестигине мына бу отурган ак сакалдар кепил боло алышат (Абдукаримов). Кепил болуп теминген, Улардан козгоп сайрады (Тоголок Молдо). Дооң жок болсо, кепил бол (макал).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Беттештирип тигилүүчү тигиштин ортосуна коюлуучу ичке тилке. 2. Улама, жалгама, үстүнө жабыштырып, жалгап коюлган нерсе. Мурдунун үстүнө кепил койгон маскарапоз куудулданып сүйлөп жатат (Таштемиров).